Жаңылыктар

Курсан Асанов 43 миңден ашуун кол топтоду

Дагы бир президенттикке талапкер Курсан Асанов 43 миң 864 кол топтоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек. Акыркы маалыматтар боюнча БШКга Арстанбек Абдылдаев, Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Арстан Алай чогултулган тизмени өткөрүп берди.

Яндекс.Метрика