Жаңылыктар

Кыргызстанда алгачкы жолу вакцина алган адам каза болду

Бир сутка ичинде 2 адам COVIDден каза болду, анын ичинен бир адам коронавируска каршы эмделген. Мындай маалыматтар 24 -сентябрда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан билдирди.

Иллюстрация

Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришкендей, 1960-жылы туулган адам коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын алган: биринчи дозасы 28-августта, экинчи дозасы 18-сентябрда. Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова бул окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

«Биз вакцина коронавирустан толук коргой албайт деп айтып келебиз. Вакцинациядан кийин санитардык нормаларды сактоо керек, анткени эмделген адам дагы вирусту жуктуруп алышы мүмкүн. Бул окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат жана биз бардык маселелерди тактайбыз», — деди ал.

Яндекс.Метрика