Жаңылыктар

Митинг: “Шайлоого кеткен акчаны элге жумшайлы”

Ала-тоо аянтында 13-июлга белгиленген “Шайлоого каршы” аталыштагы митингди милиция башатала электе таратты. Алгач митингге 500дөй адам катышаарын билдиришкен, бирок ИИМ чогулган адамдардын саны 100дөн ашпашы керек деп эскерткен.

Бирок бүгүн саат 11лерде чогулуп баштаган элди милиция кызматкерлери кармап кетип митингдин болуусун үзгүлтүккө учуратышты. Уюштуруучулардын айтымында алар жаш активисттер. Буга чейин белгилүү болгондой митингге Жанар Акаев жана бир топ партия өкүлдөрү катышмак. Бирок митингди милиция таратып салды.

Митингдин негизги максаттары:

Шайлоону коронавирус пандемиясы токтогончо болтурбоо;

Шайлоого кеткен каражатты медиктерге, жана карапайым элге жумшоо;

Өлкө ичине өзгөчө абал киргизүү;

Өкмөт алсызыдын көрсөткөнү үчүн  өз чечими менен отставкага кетүү жана ушул сыяктуу би топ маселелер көтөрүлмөк.

“Бийликтин бул кылганы адам укугун бузуу болуп саналат. Бул бийликтин элден корккондугу, бул башталышы гана, минтип дагы жүрүп отурса жакшылыкка алып барбайт.” – деди Клара Сооронкулова

фото: Акипресс

Яндекс.Метрика