Видео Кызыктуу

Назира Айтбекова Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурады

Алып баруучу Назира Айтбекова отставкага кеткен президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурап, бир топ ойлору менен бөлүштү.

Ансыз да кыжалат болуп, шайлоонун жыйынтыгына шай кетип, үмүт үзүлүп, келечегибизди тарттырып алгандай зээн кейип турган. Сабакка бараткам. Аянтка бутум тартып кетти. Мени көргөн тааныштарым, энеси келген эмедей сүйүнүп, ой — боюма койбой, эки колдон көтөрүп туруп, трибунага чыгарып коюшту. Бийиктиктен корккон жаным башым тегерене түштү.

«Тамада» Сыймык Жапыкеев болуп жаткан экен. Шайлоодо жаштарга , жаңы партияларга боор тарткам. Берки карышкырлар бул бөлтүрүктөрдү соо койбосун билсем деле алсыздардын жанында тургум келди. Келечек ошолордон көрүнгөнсүдү. Болгон үмүтүм жаңы партияларда эле. Тамтаңдап улам биринин кеңсесине барып, биригүүсүн өтүнүп жүрдүм. Мага окшоп «Мекен үчүн бекер иштеп берем!» деген кесиптештерим бар болчу. Жаман оюмда бириктирип туруп, артынан түртмөлөсөк , өтүп кетет » дедим.

Баары келжейип, Кыргыздын туусунан, кыргыздын намысынан партиясынын туусун бийик тутуп, аттын башындай амбициясынан кечип өтө албай коюшту. Трибунада акылыма келген алгачкы нерсе ушул болду. «Буга чейин мекен үчүн бириге албагандар, азыр бийлик үчүн биригип жатпагай эле» маанисинде сүйлөп, ынтымакка, биримдикке чакырып жаткам. Сөзүм аяктап калганда жанымдагы «нервный тамада» кулак түпкө келип туруп «Соке кетсин деп айтпайсыңбы !» деп кыйкырды эле чочуп кетип ошол кишини кетсин дедим!

Албетте кетишин менден да каалаган адам болбосо керек. Бирок даярданганга убакыт берсе, башкача формада айтат белем ким билсин! Бирок поезд өтүп, ооздон сөз чыккан соң, актанып, даттанып не кереги бар? Ал сөзүмдүн артында турдум. Турам дагы. Урматтуу Сооронбай Шарипович, жамандыр — жакшыдыр башыбызда турдуңуз. Тагдырыңызда ажолук да бар экен. Өйдө — ылдый күндөр болду. Жумшак, жоош адам экенсиз айрым учурда катуулук жетпей жатты. Кыйналган күндөрдө өзгөчө башчыбызды, Журт атасын таппай убара болдук. Бийликтен түшүп, алсыз болуп турган адамды төпөштөш адамгерчиликке жатпайт.

Акыйкатсыздык болуп калат. Темирлан Султанбеков иним да бул ойду айтты эле. «Ажо кетсе, чапан кийгизип, чай берем» деген. Анын сыңары мындан ары сындап, сөз менен төпөштөгөн туура эместир. Учурунда «Соке», «Шариман» дедик. Жашыңызды эске алган жокпуз. Ажолугуңузга да караган жокпуз. Кечирим сурайм! Башкаларды билбейм, бирок өз атыман кечирим сурайм бүгүн! Кан төкпөй, учурунда кетип калганыңызга ырахмат. Кыргыз эли ажого , ханга жарыбай жүрөбүз. Балким пейилибизден таап жаткандырбыз! Бул сапар Жараткандан жалынып сурайм! Элимди жардан алыс сүйрөп кетчү мыктысы келсе экен! Өлкөбүз өнүгүп, бакубат жашоо келсинчи! Оомийин..

Назиранын «Соке кетсин!» деген видеосу

Яндекс.Метрика