Саясат

Президенттикке талапкерлер чогулуп Садыр Жапаровду шайлоого барбоосун айтып арыз жазышты

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Алар Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусун чектөөнү талап кылып чыгышты.Чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы президенттик милдетти аткаруудан баш тарткандан кийин аны премьер-министр аткарышы керек экенин белгилеп, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун аны кайра өткөрүп берип салганын мыйзамсыз деп баалашты.

Алар эгер Жапаров президенттик милдетти аткаргысы келбесе, иштен биротоло кетиши керек экенин белгилешти.Саясатчылар ошондой эле Садыр Жапаровдун шашылыш акталып, шайлоого баратканын сынга алышып, ошол эле убакта саясий буюртма менен соттолгон башка талапкерлерге чектөө коюлуп жатканын айтышты.Саясатчылар тобу Жапаровду талапкер катары каттабоону талап кылып БШКга арыз жазганын да маалымдады.

Яндекс.Метрика