Жаңылыктар

Шайлоодон кийин митингге чыккандарга күч колдонулбай турган болду

Президенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыккандарга күч колдонулбай турганын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов бүгүн, 6-январда басма сөз жыйынында билдирди:

«Азыр бизде шайлоодон кийин кырдаалды чайпалтуу максатында чагым иштери даярдалып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындай аракеттерди кылгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. «WhatsApp» жана башка соцтармактардан тастыкталбаган, чагым маалыматтар таратылып жатат. Учурда 50дөн ашуун ушул сыяктуу маалымат текшерилип жатат».

Министрдин орун басары ошондой эле кырдаалды турукташтырууга шарт түзүүчү макалалар жарыяланган маалымат каражаттары да жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Урмамбетовдун журналисттерге билдиргени боюнча, президенттик шайлоо жана референдум күнү 11 миңден ашуун милиция кызматкери иштейт. Милиция башка күч кызматтары менен кошо күчөтүлгөн тартипте иштөөгө 6-январдан тартып өттү.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Президенттик жарышка 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салды.

Яндекс.Метрика