Саясат

Сот «Кыргызстанды» шайлоодон четтеткен жок

Бүгүн 27 – август «Кыргызстан» партиясы боюнча ишти судья Чолпон Досмамбетова карап партиянын БШКга каршы жазган арызын канааттандырды. Алгач ачык башталган отурумда чечимди угузууга журналисттер киргизилген жок.

БШК «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон.

Жарандык активисттер жана башка партиялардын өкүлдөрү чечимге нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг өткөрөөрүн айтышты.

Яндекс.Метрика