Жаңылыктар

Т. Сарпашев мамлекетке 500 гектар жерин өткөрүп берет

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш ишин ачып, ага жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып туугандарына каттатып койгон деп күнөө койгон.

Сарпашев өз эрки менен мамлекетке 500 гектар жайыт жерди жана 30 гектар айдоо жерин өткөрүп бермей болду. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Бул жерлер Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына өтөт. Сарпашев ал жерлерди жакын туугандарына каттатып койгону анкыталды.

Яндекс.Метрика