Жаңылыктар

Тилек Матраимов 220 миң сом айып төлөй турган болду

Кара-Суу районунун экс-акими Тилек Матраимов “Чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча соттолгон. Ал 220 000 сом айып пул төлөөгө соттун чечими чыгарылганы такталды. Бул тууралуу Ош облустук соту билдирди. Буга чейин чыгарылган баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды, ал дагы да үй камагында калды.

Эскерте кетсек, Тилек Матраимов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Ал соттун чечими менен тергөө бүткөнчө 2 айга камалып, бирок кийин Матраимов үй камагына чыгарылган.

Яндекс.Метрика