Видео Жаңылыктар

Видео: «Экинчи күйөөм 8 жаштагы кызымды зордуктап салды, эч ким чара көрбөй жатат»

Өзгөн шаарынын тургуну 8 жаштагы кызы күйөөсү тарабынан зордукталганын айтып чыкты.

Видеодо аял 8 жаштагы кызын экинчи жолдошу зордуктаганын айтты. Аны зордуктап жаткан жеринен кармап алганын айтып, «Мен милицияга арыз жаздым, бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Экспертиза көрсөткөндөй, менин кызымдын кыздыгы жок болуп чыкты. Бул маселени мыйзам чегинде карап беришиңизди суранам », — деп президент Садыр Жапаровко кайрылган.

Видео:

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу аял анын биринчи турмуштагы 10 жаштагы кызына күйөөсү бөлмөнүн ичинде ыплас аракеттирди жасагандыгы жөнүндө билдирген. Кызга карата соттук медициналык текшерүү болуп анда кыздын денесинде жаракаттар байкалбагандыгы, кыздык белгиси бүтүн жана арткы тешиги дагы жабыркабаганы аныкталган.

Бирок буга кыздын апасы макул эместигин билдирип, кошумча соттук-медициналык экспертизага токтом дайындап берүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылган. Анда келиндин өтүнүчү канааттандырылып 10 жаштагы кызга карата кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Келин 2008-жылы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын жашоочусуна турмушка чыгып, жарандык никеде жашап 2010-жылы уулдуу жана 2011-жылы кыздуу болушкан. 2011-жылдын декабрь айында жарандык никедеги жолдошу кылмыш жасап соттолуп кеткен. Мындан улам ал балдарын багуу үчүн 2014-жылы Орусияга кеткен. Ал жактан Өзгөн районунун тургуну 31 жаштагы Ж.З. менен таанышып, 2019-жылдын апрель айында баш кошуп бирге жашап келишкен. 2020-жылдын октябрь айында Орусиядан өлкөгө келишип жолдошунун үйүндө жашап калышкан.

Бирок ортолорунда балдары жок. Кыздын өгөй атасы Ж.З окуя боюнча көрсөтмө берип, анда өгөй кызына карата эч кандай ыплас аракеттерди жасабагандыгын, өз баласындай мамиле кылаарын, уруша кеткендигине өчөшүп аялы ага карата тергөөдө туура эмес маалыматтарды берип жаткандыгын билдирген.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши боюнча 10 жашар кызга кошумча соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, ал эми алынган ич кийимдерине соттук-биологиялык, апасына жана өгөй атасына карата соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Учурда жыйынтык чыга элек.

Яндекс.Метрика