Спорт

Видео. Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Орусияда жеңишке жетишти

Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык рингде кезектеги беттеште жеңишке жетти.

17-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында «RCC Boxing Promotions» уюму уюштурган мелдеште Сулайманбек уулу 61 килограммга чейинки салмакта орусиялык Никита Кузнецов менен күч сынашты.Жети раундга созулган таймаштын жыйынтыгында кыргыз мушкери техникалык нокаут менен жеңишке жетти.Беттештен кийин Сулайманбек уулу жеңишке жетерине ишенгенин айтып берди.»Беттеш ортолоп калганда таймашты нокаут менен жыйынтыктагым келди. Мен жеңишке жетериме ишенгем.

Бир жума мурда башка атаандаш менен рингге чыкмакмын. Никитага даяр эмес болчумун. Ошондой болсо да жакшы бокс көрсөттүм. Никита физикалык жактан мыкты болгону менен техникалык жактан начар экен. Ал мага абдан ыңгайлуу болду. Мен андан күчтүү болчумун. Ошол себептен жеңиш баары бир мен тарапта болмок. Былтыр акыркы жолу жеңилгенден кийин бир жыл бокстон алыс болдум. Футбол ойноп жүрдүм. Балким ошол дем алуумду жакшыртты окшойт. Чыдамкай да болуп калдым».

Бул Сулайманбек уулунун жаңы салмактык чен бирдиктеги (61 килограммга чейинки) алгачкы беттеши болуп калды.Буга чейин ал 59 килограмммга чейинки салмакта күч сынашып, 15 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 14 жолу жеңишке жетсе, бир жолу жеңилген. 2019-жылы март айында өткөн акыркы беттешинде Акжол Сулайманбек уулу орусиялык мушкер Марк Урвановго жеңилип калган болчу.

Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй рингдеги мелдештерге орусиялык «RCC boxing» промоушен уюмунун атынан катышып келет. Ал WBA ASIA (Азиянын бокс ассоциациясынын) чемпиондук курун 2018-жылы алган. WBA чемпиондук курунан сырткары WBC Asia (Азиянын боксчулар кеңешинин) чемпиондук курун да тагынган.

Яндекс.Метрика