Видео. Мечитке кирип элди аткылап, граната жардырып салышкан
Израилдин куралдуу күчтөрү Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобуна аба соккуларын жасады.
Интернетте израилдик аскерлер Иерусалимдеги Храм тоосунда жайгашкан Аль-Акса мечитинде граната жардыргандыгы жөнүндө видео пайда болду.
Ибадаткана Меккедеги Аль-Харам мечитинен жана Мединада Пайгамбарыбыздын мечитинен кийинки исламдын үчүнчү ыйык жайы болуп саналат. Кадрлардан жарылуулар угулуп, дүрбөлөңгө түшкөн мусулмандар мечиттен чыгып кетүүгө аракет кылып жатканы көрүүгө болот.
Asharq Al-Awsat гезити алардын арасында ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Мухаммед Фаяд да бар экенин жазды.
Видео:
Палестинанын Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин аба чабуулдарынан 20 киши набыт болгонун арасында балдар да бар экенин билдирди.
Каза болгондордун арасында 9 жаштагы кыз бар. Жалпы кеминде 10 бала өлгөнү айтылууда.