Жаңылыктар

Жапаров: «100 миң сомго чейин насыясы барларга жеңилдик болот»

Садыр Жапаров Нарында эл менен жолугушуу учурунда 100 миң сомго чейинки насыясы барларга жеңилдик берилерин билдирди, бул үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом жумшалат.

“100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт экен. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры кечээ чечиштик”.

Жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилет. Алар үч айдын –декабрь, январь жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат.

Яндекс.Метрика