Окуялар Саясат

Жээнбеков келгенде ыйлагам, анан кеткенде ыйладым

Сооронбай Жээнбеков азбы көппү өлкөнү туура 3 жыл башкарыптыр. Үч жыл ичинде көрүнүктүү реформалар болбосо да алдыга жайдан жылып отурдук, эң башкысы артты көздөй жылган жокпуз. Өзүм көпчүлүк кыргыздардай карапайым үй-бүлөдөнмүн. Кыргыз эли саясатташкан эл эмеспи, мен дагы саясатка көз салып турам. Күчтүү, эл-жерин ойлогон адамар өлкө башына келсе дейм, мамлекетибиз өнүксө деп келем дайым.

Өзүм жогорку билимдүү болгонум менен Кыргызстандагы маяна менен жан багуу өтө оор тургандыктан көпчүлүк катары чет өлкөгө иштөөгө кеткем. 2017-жылы президенттик шайлоо болду. Анда мен Түштүк Кореянын Коян деген шаарында иштечүмүн. Ошол учурда премьер-министр болуп турган Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышаарын угуп калдым. Фавориттер катарында Мадумаров, Бабановдор бар эле. Интернетте карап отурсаң эл экиге бөлүнүп «Бабанов же Мадумаров президент болот» деп  талашып жатышкан болот. Айрым саясатчылар ошол учурда Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз экенин айтып турушту. Бирок ал Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен өтүп кетиши мүмкүн экенин дагы айтышкан.

Мен талапкерлерди карап көрүп Өмүрбек Бабанов президент болсо экен деп жүрдүм. Тилекке каршы шайлоого катыша албай калдым. Ал үчүн Сеул шаарына эки жолу барып келүүгө туура келмек. Биринчиси ушул жерден шайлайм деп Сеулдагы Кыргыз өкүлчүлүгүнө арыз калтырыш керек болчу, андан кийин шайлоо күнү барып шайлаш керек эле. Барууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Жумасына бир эле күн дем малыш эле. Бирок катышкым келди, бир добуш болсо дагы барып салып келсем деген оюмду ишке ашыра алган жокмун.

Шайлоо аяктады. Интернеттен карап отурдум Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк добуш менен биринчи турда эле өтүп кеткенин айтып жатышты. Укканда кадимкидей жаман болдум, көзүмөн жаш да чыгып кетти, «өлкө келечеги эмне болот, алдыга жылбай калдык окшойт..» деген ойлор менен жатып уктап калдым.

2019-жылы мекенге кайтып келдим. Быйылкы шайлоого катыштым. Кайсы адам менен сүйлөшпөгүн баары кыжыры келип бийликтин, олигархтардын партияларын айтып «эмне болсо дагы ушул партияларга шайлабаш керек, акчасын алган күндө дагы башка элдик партияларга шайлаш керек» деп дээрлик баары айтышат. «Элдин көзү ачылыптыр, ким ким экенин билип калышкан экен» деп үмүт менен «бийликчил» партиялар өтпөй калат окшойт деп ойлоп койгом. Жыйынтыгын көрдүк, андай болгон жок. Анан башталды, акыркы 10 күндөн бери эмне болуп жатканын баарыбыз жакшы билебиз.

Ошентип көп күттүрбөй президент дагы отставкага кетти. Анын кайрылууларын, парламентте сүйлөгөн акыркы сөздөрүн угуп жатып ага боорум ооруду, ыйлап да алдым. Жаманбы жакшыбы өз элине ок аткан жок. Аны жакындан тааныган адамай эле ичимде «жакшы адам эле» деп койом. Эми мындан ары сүйүктүү Кыргызстаныбыз түз жолго түшсө экен. Бул менин эле эмес, жалпы элибиздин тилеги…

Жакшылык

Яндекс.Метрика