Жаңылыктар

«Мекенчил» партиясынын ордуна жаңы партия түзүлдү

Буга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түзгөн «Мекенчил» партиясы жергиликтүү кеңештерге жана парламенттик шайлоолорго катышпайт. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адинай Марипова Facebook баракчасына маалымат жарыялады. Анын айтымында, шайлоого жаңы саясий партия катышат.

Анын айтымында жаңы түзүлгөн «Ата-Журтум Кыргызстан» жаңы партиясы келе жаткан шайлоолорго ат салышат.

«11-апрелдеги шайлоого «Мекенчил» партиясы барбайт экен, чынбы?» деп сурап жатышат. Ооба, чын. «Мекенчил» партиясы парламенттик шайлоого да катышпайт», — деп жазган Марипова.

Яндекс.Метрика