Видео Жаңылыктар

Өзбекстандын чек арачылары 3 кыргыз жаранын атып салды

5-майда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушканын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө-Коргон участкасында болгон.

Натыйжада 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж., 2000-жылы туулган А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей каза болуп калышкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгында жолугушууну 6-майда улантууну макулдашты.

Окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.

Яндекс.Метрика