Жаңылыктар

26 жаштагы кыздын өлүмү. Күйөсүн кызганып, өлтүрүүгө киши жалдаган

Төмөнкү Ала-Арчада 26-сентябрь күнү түнкү 2лерде үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумган. Аман калган атасы шаардагы оруканалардын бирине жеткирилген.

Учурда шектүулөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар 31 жаштагы Б.Ж. жана 28 жаштагы О.А., 31 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар болгон. 

Алдын ала версия боюнча кылмыш иши кызганычтын айынан келип чыккан. Аялы күйөөсүн 26 жаштагы кыздан кызганып (каза болгон) аны өлтүрүүгө өзүнүн айдоочусу менен досуна буйрутма берген.

Яндекс.Метрика