Кызыктуу

8-мартка айымдар алгылары келбеген белектер белгилүү болду

8-мартта ар бир айым алгысы келген жана ошол эле учурда эч кереги жок белек бул гүл эсептелет экен. Миңдеген аялдардын арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, эң керексиз белектер белгилүү болду.

Катышуучулардын 22 пайызы гүл алгылары келишкен эмес. 5 пайызы идиштерди, кружкаларды пайдасыз белектер деп эсептешет, дагы 4 пайызы душка арналган гельдер, шампундар, таттуулар жана ошондой эле арзан косметика жана атырларды аташкан.

Респонденттердин үч пайызы шам, ваза, ачкычка такчу брелок жана башка сувенирлерди белекке алгысы келбейт, ал эми дагы эки пайызы тиричилик техникалары, тапочкалар, оюнчуктар, сүлгүлөр жана ашкана фартуктары. Бирок, сурамжылоого катышкан ар бир үчүнчү айым пайдасыз белек албагандыгын айткан.

Айымдар алгылары келген белектерге келсек, сурамжылоого катышкан аялдардын жети пайызы парфюмерия жана косметика, дагы алты пайызы акча, телефон же башка шаймандарды, ошондой эле көңүл, камкордук жана сүйүүнү алууну каалашат. Зергер буюмдарын аялдардын беш пайызы алгылары келишкен.

Эки пайызы кийим жана бут кийим, концертке же театрга билеттер, ошондой эле китептер, таттуулар, тиричилик техникалары, эмеректер жана машыгуу же фитнес үчүн сертификаттарды тандашкан. Мындан тышкары көпчүлүк аялдар романтикалуу кечке чакыруу алууну же үй жумуштарынан бир күн болсо да эс алууну каалашат.Сурамжылоого жалпы 2,6 миң аял катышкан.

Яндекс.Метрика