Жаңылыктар

Актёр Чыңгыз Мамаев камалды. Ал кимди зордуктоого аракет кылган?

Белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, актёр чет элдик жаранды зордуктоого шектелүүдө. Ал азыр камакта. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, «Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берененин негизинде катталган. Кылмышка шектүү М.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кийинчерээк Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда тергөө иштери уланып жатат», — деп билдиришти Свердлов райондук милициясынан.

Яндекс.Метрика