Дүйнөдө

Орус армиясы келген Киевге жакын шаардан коркунучтуу кадрлар жарыяланды

Киевдин түндүк-батышында орус аскерлери бир айдан ашык оккупациялап турган Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болду. Орус армиясы түндүккө, Беларустун чек арасына чегингенден кийин украин аскерлери шаарга кайтып келишкен.

Соцтармактарда кээ бир көчөлөрдө набыт болгондордун сөөктөрүнө толуп калганын көрсөткөн сүрөттөр менен видеолор чыга баштады. Ишемби күнү шаарга чет элдик маалымат каражаттары, анын ичинде Рейтер жана Франс Пресс кабарчылары келишкен. Алар өз отчетторунда көчөлөрдө көп сандаган сөөктөрдү ырасташууда.

Франс Пресс журналисттери тарткан сүрөттөрдө каза болгондордун сөөктөрү жана украин бийликтери ушул аптада кайрадан көзөмөлгө алган шаарды көрүүгө болот. Ушундай эле сүрөттөрдү Рейтер агенттигинин кабарчылары да тартып алышкан, аларда жарандык кийимчен өлгөндөрдүн денелери, өрттөлгөн унаалар жана снаряддар жана ракеталардан жабыркаган үйлөр көрсөтүлгөн.Ишемби күнү Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр украин армиясы толугу менен көзөмөлдү кайтарып алганын билдирди. Буча аймагында узак убакыт бою айыгышкан салгылашуулар болгон.

Каза болгон жарандар тууралуу маалыматты украиналык журналист Дмитрий Комаров да тастыктап, Одесса киностудиясынын YouTube каналына шаардан репортаж жарыялаган.

AFP фотографы көргөн 20 сөөктүн 16сы тротуарда же бордюрдун жанында болгон. Дагы үч жабырлануучу жолдун ортосунда, бирөө талкаланган үйдүн короосунда калган.

Буча шаарынын мэри Анатолий Федорук Франс Пресс агенттигине телефон аркылуу Украина армиясы Киевге жакын негизги шаарды кайтарып алгандан кийин 280 адам буга чейин эле массалык түрдө мүрзөлөргө көмүлгөнүн айтты.

Яндекс.Метрика