Жаңылыктар

Анжелика үгүт иштери баштала электе батир ойнотуп мыйзам бузду. Эмнеге чара көрүлбөйт?

Бишкек шаардык кеңешке талапкер Анжелика Кайратова үгүт иштери башталганга чейин өзүнүн Инстаграм баракчасында түз эфир кылып, катталуучулар арасында батир ойноткон. Мындан тышкары ал үгүт иштери башталганга чейин эле 2 миллиондук катталуучусу бар баракчасына партиядагы талапкерлердин тизмесин, баннерлерди чыгарып жатты.

Талапкер Анжелика болжол менен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 28-бөлүмүн бузуусу божомолдонууда. Анда шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары жазылат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бул тууралуу маалымат аларга келип түшкөнүн билдирди. «Бул маалыматты текшерүү үчүн атайын топ түзүлүп, иштерди алып барууда. Учурда чечим чыга элек», — деп билдирди ал.

Яндекс.Метрика