Кызыктуу

Анжелика бут кийимдерин сатыкка койду. Ырчылыкты таштап саясатка биротоло аттанабы?

Саясатка катуу камынган ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн жана кыздарынын бут кийимдерин сатыкка койду. Кыязы ырчылыкты биротоло таштап, жай таман кийип саясатка шымалана киришет окшойт.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

«Бырыш түшсө жүзүбүзгө, бир гана күлгөндөн түшсүн. Чачыбызга ак түшсө, ал акыл чач болсун. Жашыбыз алдыга умтулса, демек, биз алдыдабыз! Демек, биз Жаратканыбыздын баа жеткис байлыгын алып жатабыз. Жакшы ой жүгүртүү-сизди бардык оорудан айыктырат.

Тандоо сизде . Кубанасызбы? Же жиндейсизби. Курак (жаш, возраст) бир гана адамдын канчага чейин жашаганын аныктоо үчүн. Башыңызда эч кандай цифралар жашабасын. Жүрөктүн согушу, кыймыл аракет, ой-жүгүртүүңүз СИЗДИН КААЛАГАН ЖАШЫҢЫЗ.

Баса, бардык бут кийимдеримди сатыкка койдум. Алар текчеде жатканча, башкадарды дагы кубандырсын. Сториске сүрөттөрүн жүктөйм.»

Эмне дейбиз, Анжеликага саясаттан өз жолун табышына ийгилик каалайбыз.

Яндекс.Метрика