Жаңылыктар

«Баарына каршы добуш бергиле» аталыштагы митинг өтүп жатат

Буга чейин Ала-Тоо аянтында активисттер элди баарына каршы добуш берүүгө чакырып митинг өткөрүүнү билдиришкен. Бүгүн 23-сентябрь Ала-Тоо аянтына эл чыкты. Белгилеп кете турган нерсе чогулгандардын көпчүлүгү журналисттер менен милиция өкүлдөрү. Активисттер элди шайлоодо баарына каршы добуш берүүгө үндөшүүдө.

Айрымдар бул нерсе болгону бийликтин дагы бир ойлоп тапканы деп баалашууда. Анткени Шайлоодо «баарына каршы» пункту көп добуш алса 2-3 партия алдыңкы орунду алса калган майда партиялар өтпөй калуусуна шарт түзөт. Мындай жол менен парламентке акчалуу бийликчил партиялар өтүп аларга каршы тура турган оппозициялык партиялар өтпөй калат.

Яндекс.Метрика