Жаңылыктар

Казактар жолдо калган 3 миң кыргызга өтүүгө уруксат берди

Орус-казак чек арасында топтолуп калган миңдеген кыргызстандыктар өз мекенине кайтып келүү үчүн Казакстан уруксат берди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-сентябрда билдирди. Чек арадан өткөндөн кийин кыргызстандыктар автобустар менен сапарга чыгат. Министрликтин билдирүүсүндө эл көп болгондуктан алар 24-25-сентябрда эки этап менен ташылат. Мекеме Казакстандын чек арасы дагы деле жабык экенин, топтолгон кыргызстандыктардын өтүшүнө сүйлөшүү аркылуу бир гана жолу уруксат берилгенин эскертип жатат.

Орус-казак чек арасында Кыргызстанга өтүүнү көздөп, жолдо калган жарандар 3 миң 200дөн ашуун.

Яндекс.Метрика