Видео Жаңылыктар

Баткенде эне ажыга барууга чогулткан акчасына эки айылды бириктирген көпүрө салды

Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жергиликтүү пенсионер акчасына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө салган. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Азамат Абсаттаров билдирди. Аял өзү белгилегендей, учурда каза болгон күйөөсү тиккен алма дарактарынын түшүмүн сатуудан түшкөн акчаны үнөмдөө менен ажылык сапарга акча чогулткан.

Нурхан эне ажыга баруу үчүн каражат топтоп, топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди. Кечээ, 24-апрелде Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында көпүрөнүн ачылышы болуп, эл Нурхан энеге батасын бериптир.

“Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. Ага түбөлүк сооп жетип турсун деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экенмин. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди”,-дейт Нурхан эне.

Үлгүлүү, сооптуу иш деп ушуну айтат. Ажыга баргандын сообун алган болсун!

Яндекс.Метрика