Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Атайын кызматтын жетекчиси азыр Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө экени такталган.

«Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суракка алынат», — деп билдиришти мекемеден. Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин түзүлгөн.

Анын курамына Роза Отунбаева (УӨ жетекчиси), Алмазбек Атамбаев (биринчи орун басар), Темир Сариев жана Азимбек Бекназаров (УӨ башчысынын орун басары), Дамира Ниязалиева (саламаттык сактоо министри) болгон 14 адам кирди.

Эмилбек Каптагаев убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси болгон. Июнь окуясы боюнча кылмыш ишин тергөө 2021-жылдын апрелинде жанданган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшүү фактысы боюнча козголгон.

Яндекс.Метрика