Жаңылыктар

Баткенге концертке баратышкан. Жол кырсыгынан ырчы каза болду

Аскердик унаа катышкан жол кырсыгынын кесепетинен ырчы каза болду.Алдын ала маалыматтар боюнча, алган жаракаттары оор болгондуктан 1981-жылы туулган А. Нурзат жеринде каза болгон. Кесиптештери менен биргеликте ал Баткен облусуна барып, ал жерде концерт беришмек.

Жол кырсыгы 29-мартта саат 13:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) болгон.Алдын ала версия боюнча, унаанын айдоочусу аба ырайынын начардыгынан рулду башкара албай калган, жагдайлар иликтенип жатат.Бул факт боюнча Аскер прокуратурасына билдирилген, кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-мартта бул кырсыктан 5 адам жаракат алганын билдирди (1997-жылы туулган эркек, төрт аял — 1986, 1997, 2000-ж.т. Башка аялдын туулган жылы такталууда).Окуя болгон жерге куткаруучулар жана тез жардам кызматынын дарыгерлери тартылган. Маркумдун сөөгү унаадан чыгарылып, жабырлануучулар ооруканага кайрылышкан.

Яндекс.Метрика