Окуялар

«Бирөө менен жүрүп балама төрөп бер» деп кайненем оозду ачырды


Саламатсыздарбы менин көйгөйүмдү угуп балким тилдеп урушасыздар бирок айтууга мажбурмун. Биринчи жолдошум жол кырсыгынан улам каза болуп калган. Ичимде 2 айлык кызым менен калгам. Кызым үчкө чыкканда балалуу болбой жургон жигитке турмушка чыктым. Чынын айтсам балалуу боло албай жүргөнү үчүнбү кызымды менден жакшы көрөт, кызымда атасына жакын. Жолдошум жакшы, намаз окуйт, жумушу бар, адамдын көңүлүнө карап турат.

Үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болсо да айтышып уруша элекбиз. Карантин башталаардан мурун кайын энем «балам балалуу болбойт окшойт мурунку аялынын боюнда 4 жолу болуп өспөй же трубага жайгашып калып төрөй албай койду. Сенин да боюңда болбой жатат» деп мага оозумду ачырган сунуш айтты. Алдуу, күчтүү, көздөрү балама окшоп кеткен бирөө менен жүрүп балама төрөп бер. Ошол сага аманат деди. Уялганымдан жоок апа болмок беле кантип болсун деп, шок болуп олтуруп калдым.

Кайын энем мени аңдыгансып бир жактарга чыгып келсем кайда бардын деп сурабайт. Мага шарт түзгүсү келдиби айтор маршурткада жаныма эркек олтурса сүйлөшүп, таанышып алсын дегенсип жылып кетип же уктап калган болуп жүрдү. Кайын энем сентябрь айында катуу ооруп, ооруканада каза болуп калды.

Бирок кайын энем айткан сунушун жасаганга менин наамысым жол берген жок. Ошол учун жигитине алданып же бакканга шарты жок эжелерге кайрылып кетет элем, керексиз болсо аборт кылбай мага бериңиздер. 1 же 2 айлык боюнда бар, алдырам деп ойлонуп жаткандар суранам мага байланышкыла таксикозун, тамак ашын алып берип жакшы карайм. Аборт кылып же төрөп көчөгө таштагандан көрө мага бериңиздер. Бала төрөлөөрү менен колума алып, төрөлгөн күндөн тартып карап өзүм тарбиялап алам, жолдошумду бактылуу кылгым келет.

Яндекс.Метрика