Видео Жаңылыктар

«Биримдик» деп чуркап жүргөндөр Садырдын жанына пайда болушту

Кечээ эле «Биримдик» партиясынан талапкерлигин коюп, ал партия үчүн баарына даяр болгондор Садыр Жапаровдун жанында пайда болушту. Алардын бири Талас Бегалиевдин иниси белгилүү спортчу Канат Бегалиев учурда Садырдын оң колуна айланып, Бишкекте элди баштап кыйкырып жүрөт. Агасы «Биримдик» партиясынан кандидаттыгын коюп алдыңкы ондукта болгон.

Садырдын сол жагындагы ак калпакчан Канат Бегалиев

Шайлоодо ага-инилер Таласта акчаны асманга сапырышып, админресурсту болушунча колдонушканын айылдаштары айтып бүтө электе Канат Бегалиев Садырдын колтугуна кирип кайра бийликке келгенге аракет кылышууда. Айрым басылмалар Талас Бегалиев криминалдык дүйнө менен байланышы бар экендигин жазып чыгышкан.

Яндекс.Метрика