Жаңылыктар

Бишкекте мындан ары митинг болбойт

Бишкекте дээрлик жарым жылдан бери ар жекшемби өтүп келаткан «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүшү жыйынтыкталды. Алар бул жүрүш токтогонун айтышты.

“Баштан башта” кыймылынын демилгеси менен жарандык активисттердин, саясатчылардын катышуусундагы акциянын акыркысы 4-апрелде өттү. Бул жүрүш Кыргызстандын тарыхында эң креативдүү транспаранттар колдонулган, негизинен жаштар катышкан узак мөөнөттүү тынч акция болуп калды.

Иш-чаранын сценарийи бирдей: катышуучулар Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келип, андан соң тарап кетишет.

Ар жекшемби Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары менен чыккан активисттерге катаал кысым көрсөтүлбөсө да, бийлик аларды сындаган учурлар болду. Айрым катышуучулар артынан милиция түшкөнүн билдиришкен.

Яндекс.Метрика