Жаңылыктар

Блогер Сыдыман толугу менен акталды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн, 24-мартта блогер Элмир Сыдымановду актаган өкүм чыгарды.

10-мартта Башкы прокуратура блогерге койгон айыбынан баш тарткан жана «Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес» деп билдирген.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин блогер жаңылыштык кетиргенин мойнуна алып, элден кечирим сураган.

Яндекс.Метрика