Жаңылыктар

БШК 7 талапкерге 1 миллион сом күрөөнү кайтарып берет

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдын ала маалыматтары боюнча, президенттик шайлоого 7 талапкер кеминде 1% добуш алышты.

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык добуш берүүгө катышкан добуштардын кеминде 1% алган саясий партияларга күрөө кайтарылып берилет. Төмөнкү талапкерлерге 1 миллион сом күрөө кайтарылып берилет.

  1. Садыр Жапаров (79,16%)
  2. Адахан Мадумаров (6,69%)
  3. Бабыржан Тольбаев (2,39%)
  4. Мыктыбек Арстанбек (1,68%)
  5. Абдил Сегизбаев (1,48%)
  6. Имамидин Ташов (1,19%)
  7. Клара Сооронкулова (1%).
Яндекс.Метрика