Жаңылыктар Саясат

Бул кайсы депутат? Талкуу жараткан сүрөттүн чоо-жайы

Социалдык тармактарда кол чатыр кармаган Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзыбаев талкууланууда. Сүрөт Фейсбукка жарыяланды. Соцтармактын колдонуучулары: “Дагы бир бай-манап”, “Баары майда-чүйдөдөн башталат”, “Чатырчылардын сериясынан сүрөт” деп жазышууда. Айрымдар шаардык кеңештин депутатын өздөрү кол чатыр көтөргөн башка мамлекеттердин президенттери менен салыштырышты.

Айрым колдонуучулар Бекболот Арзыбаевди колдоп, ал шаардык кеңештин эл көйгөйүн көтөргөн саналуу депутаттарынын бири экенин белгилешти.

Бекболот Арзыбаев сүрөт 2021-жылы ноябрда ЖК шайлоо өнөктүгү учурунда тартылганын билдирди. Ал чагымчыл сүрөттүн тарап кетишин депутат Айбек Осмоновдун бир тууган агасы Нурбек Осмоновго таандык “Аль-Манар” компаниясы тууралуу жазган Фейсбуктагы акыркы билдирүүсү менен байланыштырат.

«Осмоновдордун үй-бүлөсүнүн пиар-кампаниясы мага каршы иштеди. Кол чатырды кармаган адам менин бир тууган иним. Кечээ жакында эле шыбы урап калган Ош аэропортун оңдоону Нурбек Осмоновдун фирмасы жасаганын жазгам. Ушул эле компания Жапалак айылына газ өткөрүү үчүн АРИСтен акча алып, бирок жүргүзгөн эмес. 2010-жылы “Аль-Манар” ишканасы Алай районунун Нура айылына үй куруу боюнча тендерди утуп алган. Азыр алар жараксыз абалда.

Осмоновдордун компаниясы түштүк борбордогу Ак-Буура дарыясын калыбына келтирүү боюнча 300 миллион сомдук тендерди да утуп алган. 15 жылдан бери Кыргызстанда «Аль-Манар» ЖЧКсы катышпай турган тендер болгон эмес. Бирок алар сапатсыз объектилерди куруп, мамлекетке зыян келтирип жатышат. Ага карабай тендердин аркасында байып жатышат.

Бул тууралуу мен жаздым, алар шайлоо өнөктүгү учурунда өздөрү тарткан эски сүрөтүн жарыялашты”,-деп жыйынтыктады Бекболот Арзыбаев.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин прокурору Нурлан Сулайманкулов менен Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Таалайбек Сарыбашовдун Ош облусундагы элчиликтин башчысы болуп турганда кармалган сүрөттөрү сынга алынган. Алардын үстүндө кол алдындагылар жаандан кол чатыр кармашкан. Андан кийин интернетте кол чатыр менен флешмоб уюштурулуп, кызматтык мамилени шылдыңдаган.

Яндекс.Метрика