Жаңылыктар

Чүйдө жаштар Жаңы-Жер айылындагы үйлөрдү таш менен ургулашты

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин улуттар аралык жаңжал чыгып кете жаздады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Кечээ кечинде айылга 30га жакын жаштар келип, Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын үйлөрүнө таш ыргыта баштаганы такталды. Жаңжалдын натыйжасында эч ким жабыркаган жок.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, Жаңы-Жер айылында учурда абал туруктуу, милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти сактап жатышат.

«Бир күн мурун, болжол менен саат 20:30да милицияга Жаңы-Жер айылында жаштар чогулуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жеринде Баткен облусунун жашоочулары үчүн гуманитардык жардам чогултуу үчүн болжол менен 25-30 адам келгени белгилүү болду. Саат 21:40 чамасында чогулгандардын саны 40-50 кишиге чейин көбөйдү. Алар жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө таш ыргыта башташты. Милиция окуя болгон жерге келгенден кийин, жаштар качып кетишкен. Жабыркагандар болгон жок, үйлөрдүн тосмолоруна жана курулмаларына анча-мынча зыян келтирилгендиги аныкталды. Бардык чогулгандар саат 00.30да тарап кетишти», — деп билдиришти департаменттен.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан жеке адамдардын провокациясыга алдырбоону жана жалган маалымат таратуудан алыс болууну өтүнөт.

Белгилей кетсек чек арадагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунун аймагында башталган. Оозеки уруш мушташка айланып, тараптар бири-бирине таш ыргыта башташкан. Андан кийин атышуу башталып кеткен. Максат кыргыз айылы Тажикстан тарабынан 29-апрелде басып алынган. От астында калган тургундар шашылыш түрдө үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

29-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү боюнча макулдашышты.

154 жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылган, 31 адам көз жумган, анын ичинде жаш кыз бар.

Белгилей кетүүчү нерсе, Головной суу бөлүштүргүч ишканасы Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башатында жайгашкан.

Бүгүн жана эртең Кыргызстанда улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

Яндекс.Метрика