Билип ал Кызыктуу

Динде телефон колдонуу адеби кандай?

1 — Ажатканада интернет чукубоо. Себеби диний сөздөр чыга келет.
2 — Колдон келишинче ажатканада келген чакырыкты албоо . Себеби сизге чалган киши Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракаатух деп салам менен сөзүн баштоосу мүмкүн. Жооп айтпасаңыз күнөөлүү болосуз. Жооп айтсаңыз Ва алайкум ( Ассалам ) деген Аллахтын атын ажатканада айткан болосуз.
3 — Званокко Куранды койбоо . Себеби бирөө чалса аятты ( Аллахтын сөзүн ) жарымынан үзүп аны менен байланышасыз. Ал болсо сөгүү менен сөз баштоосү мүмкүн. Ажатканада чакыруу келүүсү мүмкүн.
4 — Бирөөнүн катын окуу күнөө .
5 — Намазга турганда , сабак учурунда үнсүз режимге койуу же өчүрүп салуу.
6 — Элди чабыштыра турган нерселерди чыгарбоо, бөлүшпөө.
7 — Телефон дайым, намазда да капчыкта болгондуктан ага нажас нерсени жугузуп алуудан сактануу.
8 — Коомдук жайларда акырын сүйлөшүү.
9 — Уят нерселерди көрбөө .
10 — Келген эле нерсени башкаларга жебере бербөө.

@Takyba_ayal_kg

Яндекс.Метрика