Жаңылыктар

Эң көп! 309 адам 1 күндө! Каза болгондор 3

27 – июнга карата дагы 309 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн-брифингде айтты. Бул сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын эң жогорку көрсөткүчү болуп калды.

Бишкек ш. – 118
Чүй облусу — 23
Ош ш. — 94
Ош облусу — 39
Нарын облусу — 5
Жалал-Абад облусу — 19
Ысык-Көл облусу — 5
Талас облусу — 3
Баткен облусу — 3

Акыркы суткада дагы 3 адам каза болду. Алардын бирөөсү Ош облусунан 1969-жылы туулган аял киши, дагы бири Жалал – Абаддан 1944-жылы туулган аял киши, үчүнчүсү Аксыдан 1946-жылы туулган эркек киши.

Ооругандардын жалпы саны 4513 адамды түздү.

Яндекс.Метрика