Кызыктуу

Бийлик ашынган акмакты депутатка кутурган иттей агытты

Жергиликтүү бийлик ашынган акмакты депутатка кутурган иттей кылып агытты.

Айылга келген адамды ит капкандай кылган бакай-аталыктардын жоругуна жол болсун!  Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Таласка келгенде  Өзгөрүш айылынын тургуну  аты-жөнү Рыскулбеков Анарбек  кличкасы “Чолпонбай” имиш Чолпонбайдан айлангыр!

Кутурган дөбөттөй болуп бирөөлөр айдактап койсо “Кара-Буурага бар,  бул жер меники бакай-аталыктардыкы” десе болобу. Эми Анарбек деген абийирсиз тууралуу айталы, бул акмак  элге да, жерге да батпай кара чечекей бир туугандары менен соттошуп жүргөн неме. 2019-жылы 7-мартта бир тууган жездеси Кулбашев Жуматайды коркутуп-үркүтүп, элдин көзүнчө сөгүп-кагып, бир тууган эжеси Бакай-Ата районундагы ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Бул иш сотко чейин жеткен.  Бир туугандары менен там талашып соттошуп, ызы-чуусу көп. Өзү билимсиз, жөндөп окуп, жазганды билбейт. 

Пулуң болсо кулуңмун деген эме, курсагын тойгузуп, чөнтөгүнө акча салып койгондордун заказын аткарып кыйкырып-өкүрүп, жулуна берет.  Ошондуктан интрига десе ичкен ашын жерге койгон жергиликтүү бийликтин чиновниктери бул дүжүр жиндиге акча берип алдап алдыга салып кыйкыртып коюшат.

Баарынан да мунун Апрель революциясынын баатырымын дегенине күйөсүң. Чыныгы баатырлар, эл баатырлары жерде жатышат. Баатырдын атынан айлангыр! Бул шүмшүк революцияга катышкан баатырмын деп коркутуп-үркүткөнгө маш. Дагы бир буга окшогон революционер сөрөй Барат деген бар. Анысы мас болуп машине айдап МАИде иштеген жаш баланын ден соолугуна зыян келтирип 2 ай Таластагы ИВСке жатып, тосмо арыз жаздырып атып зорго бошогон.

Бул экөөнө окшогон акылы аз, акча дегенде аялын саткан немелерди шайлоонун алдында  колдонушуп, ар кимге эшектей айкыртып, итче каптыра беришет эми.

Жергиликтүү бийликтеги бийлик дегенде көздөрү бөрүдөй кызарган кутумчулар Рыскелди Момбековдо өчү болсо жигитче ээн жерге барып эркекче сүйлөшсө болмок. Бири жанында кодоңдоп калп эле билмексен болуп басып, бири  Ак үйдөгү кабинетинде Талас каналынан көрүп олтурбай. Талас телеканалы болсо бир жактуу маалыматты кайра-кайра кайталап көрсөттү. 

Арам оюн ачык айтпай жалаң интрига менен жашаган бийлик жандуу  эргулдар силерге окшогондордун күнөөсүн көтөрө албай дүйнө силкинип турган учур азыр. Мына таажы ылаңы дүйнөнү каптап, таза деген Таласыбызга чейин жетти. Ойлонгула! Шайлоонун шайтан оюнуна шайтандай шашып жатасыңар, шайтан алсын силерди!!!

Таластагы демилгелүү топ

Яндекс.Метрика