Жаңылыктар

Эки өпкөсү жарабай калган. Абдил Сегизбаев оор абалда жатат

Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаевге коронавирус инфекциясы жугуп, учурда оор абалда Бишкек шаарындагы №6 ооруканада «кызыл зонада» УКМКнын кызматкерлеринин кайтаруусунда жатат.

Бул тууралуу анын жактоочусу Кантемир Турдалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

«Өткөн жума күндөн бери эти ысып жаткан. Дүйшөмбү күнү УКМКнын Тергөө абагынын жетекчисинен аны ооруканага алып кетүү туурасында суранып, ошол эле күнү ооруканага жаткан.

Дарыгерлер мага Сегизбаевдин эки өпкөсү тең пневмония болуп калганын айтышты. Ал мага мурда айтпаган башка оорулары да болгону аныкталды», — деди Турдалиев.

Ал Сегизбаевдин баш коргоо чарасы боюнча сотко кайрыларын кошумчалады.

«Дарыгерлердин бүтүмүн алгандан кийин соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, жакшыраак дарыланышы үчүн үй камагына алууну суранам», — деди жактоочу.

УКМКнын мурдагы жетекчисинин ооруп калганы боюнча маалыматты аталган комитеттин басма сөз кызматы тактап жатканын айтышты.

Сегизбаев учурда УКМКнын тергөө абагында отурган. Мындан сегиз күн мурда болгон сот жараянында аны 25-июлга чейин аталган жайда калтыруу боюнча чечим чыккан.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатканын кабарлаган.

Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.

Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.

Яндекс.Метрика