Спорт

Футбол 2021. Кыргызстан Мьянманы 8:1 эсебинде утуп алды

Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Мьянма курамасына каршы ойноду.

Чабуулчу Мирлан Мурзаев Кыргызстан — Мьянма беттешинде хет-трик жасап, эсепти 8: 1ге жеткирди.

Оюндун биринчи жарымында биздин футболчулар атаандашына жоопсуз беш гол киргизишти. Экинчи таймда кыргызстандыктардын эки голунан кийин атаандаштар бир голду киргизишти. Бирок, Мирлан Мурзаев жолугушууда үчүнчү голун киргизди.

Белгилей кетсек, Мьянма курама командасынын оюнчусу биринчи таймдын ортосунда КР футболчусуна каршы орой оюн үчүн оюндан четтетилген.

Чабуулчу Эрнист Батырканов дарбазада турат.

Яндекс.Метрика