Саясат

Хабаровск шаарында «Ата-Мекен» партиясы алдыга чыкты

Орусиянын Хабаровск шаарында дагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун добуш берүүсү аягына чыкты. Бул шаардагы шайлоонун жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул шайлоо тилкесинде эң көп добушту 23 добушу менен «Ата-Мекен» партиясы алган. Экинчи орунда 22 добушу менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясы турса, үчүнчү орунга 18 добушу менен «Ыйман-Нуру» партиясы жайгашкан.

Буга чейин Орусиянын Сахалин аймагында дагы добуш берүү аяктап, алдын ала жыйынтык жарыяланган. Көп өтпөй эле Владивасток шааарындагы шайлоонун жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тараган.

Владивосток шаарында дагы шайлоонун жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тарады. Маалыматка ылайык, бул шайлоо тилкесинде дагы эң көп добушту 54 добушу менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алган. Экинчи орунда 16 добушу менен «Ынтымак» партиясы турса, үчүнчү орунга «Ишеним» партиясы 11 добушу менен жайгашкан.

Яндекс.Метрика