Билип ал Кызыктуу

Кадимки аспириндин касиеттерин билип алыңыз

Аспирин дүйнөдөгү эң популярдуу дары болуп саналат. Ал ар кандай ооруларды дарылоодо колдонулат. Бирок анын башка көптөгөн пайдалуу касиеттери бар экендигин көптөр биле беришпейт.

Аспирин буларга жардам берет:

  1. Курт-кумурскалардын чагуусу

Мындай учурда аспиринди колдонуу инфекцияны жок кылып, ооруну басаңдатат. 1 таблетканы 100 мл таза сууга эритип, кызарган жерди майлаңыз. Жакшыртуу заматта сезилет.

⠀2. Кара тактар

Аспириндин жардамы менен денедеги кара тактарды кетирсе болот. Мисалы, колтуктун карайып туруусун агартса болот. Эки таблетканы 100 мл сууга эритип, колтуктагы карайган жерге сүйкөңүз, бир саат күтүп суу менен жууп салыңыз. Бул процедураны күн сайын сиз каалагандай натыйжа чыкканга чейин жасоого болот.

⠀3. Какач

Шампунга кошулган бир-эки майдаланган аспирин таблеткасы какачты жок кылууга жардам берет.

⠀4. Беттеги ысыктар (угри)

Эгер безетки чыккан жерге бир таблетка менен бир нече миллилитр суунун аралашмасын сүйкөсөңүз бетке чыккан ысыктан арыласыз. ⠀

5. Мозоль

Көйгөйдөн арылуу үчүн, 7 аспирин таблеткасын майдалап жарты чай кашык лимон ширеси менен аралаштыруу керек. Алынган аралашманы мозолдорго сүйкөңүз, бутту сүлгү менен ороп, үстүнөн желим баштык кийгизүү керек. 10 мүнөттөн кикин суу менен чайкаңыз. Процедураны күн сайын мозоль жоголгонго чейин жасоо сунушталат.

6. Чач

Аспирин күңүрт чачты кетирип, укмуштай жалтырак берет. Ал үчүн 8 таблетканы 200 мл сууга эритип, чачка сүйкөп 15 мүнөткө кою пандан кийин суу менен жакшылап чайкаңыз.

7. Гүлдөр

Эгер вазадагы гүл көпкө сакталсын десеңиз 1 таблетка аспиринди вазадагы сууга майдалап кошуп коюңуз. Гүлдөр көпкө чейин соолубай турат.

Яндекс.Метрика