Видео Жаңылыктар

Казарманда таэне майып небересин сабаган видео тарады

Жалал-Абад облусунун Казарман шаарында жергиликтүү тургунга орой мамиле жасалгандыгын адвокат Шердор Абдыкапаров 8-февралда билдирди. Анын айтымында ага Алтынбек аттуу жаран кайрылып эжеси Аселге жардам берүүнү суранган.

«Менин кардарым алардын ата-энелери кичинекей кезинде өтүп кеткендигин айтты. Ушуга байланыштуу алар таэне, тайаталарынын колунда тарбияланышкан. 26 жаштагы Асел төрөлгөндөн бери эки буту жок майып. Учурда кыз тай ата, таэнеси чогуу жашайт, ал эми Алтынбек Бишкекте курулушта иштейт», — деди жактоочу.

Абдыкапаров Алтынбек Аселди алып кетмекчи болгонун, бирок таэнеси аны коё бербей койгонун агасы кошумчалады.

«Эгерде Алтынбек эжесин ала албай калса, анда аны социалдык мекемеге алып кетишин каалайт. Ошондой эле ал Ички иштер министрлигине арыз жазган», — деп билдирди адвокаты.

Видео:

Яндекс.Метрика