Дүйнөдө

Пранкер тамашалуу видео тартып жаткан учурда атып өлтүрүлдү

Америка Кошмо Штаттарында пранкер тоноочулук менен пранк уюштуруп жаткан учурда аны бир адам атып салганын NBC News каналы кабарлады.

Телеканалдын айтымында, окуя Теннеси штатында болгон. 20 жаштагы пранкер досу менен бирге бир топ кишини тамашага салып оюнчук бычактарды колдонуп, талап-тоноочулукту чагылдып видеого тартып жатышкан. Алардын арасынан бир адам чыгып жаш жигитти атып салган.

Атып салган 23 жаштагы жигит полиция кызматкерлерине тамаша экенин билбегенин айткан. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, ок аткан адамга азырынча эч кандай айып тагыла элек.

Яндекс.Метрика