Саясат

«Кезегим келип депутат болом». Бек Борбиев кайра бийликти колдоп чыкты

Буга чейин шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, добуш сатып алуу болгонун билдирип чыккан ырчы-талапкер Бек Борбиев шайлоо таза өткөнүн жана азыркы бийлик башында тургандардан башка иштей тургандар жок экенин билдирип пост жазды.

Текст өзгөртүүсүз берилди:

«Эртен кайра шайлоо болсо деле, жыйынтыгы дал ушундай болот
Элибиз дагы деле кара курсактын, тууган жердешчиликтин денгээлинен которуло элек экен. Жарымынан кобу эртенкиге ишенбейт, кайдыгер, шайлоого суйросон да басып келбейт
Мен шайлоого талапкер болуп катышкан адам катары оз оюмду айтып коюну туура кордум
Шайлоо кандай отту? Эл акыркы мунотторго чейин, баарибир акча бересинер да деген таризде когоруп кутуп олтурду. Мен бералган жокмун.

Кээ бир кандидаттар агитатор деген атка жамынып, берип жатат, сен дагы ошенткин дешти, андай кылганга да каражатым жок эле
Конгон адат калабы демекчи, кээ бир админ ресурс окулдору тымызын иштеп тиги же бу талапкерлердин камчысын чаап атат дегендерди угуп аттык. Бирок далилдуу шайлоо буткон сон гана жыйынтыктан билип отурабыз
Бирок достор, акыйкатта мурдагыдай башаламан акча таратуу, мугалим врачтарды тизме котортуп алдына салып иштеткендер болгон жок.

Бул шайлоону ушул жеништери менен эстеп калаарыбызга шек жок. Бир кадам алдыга болсо да, жылдык
Мен озум ойдогудай добуш албай калдым. Адам озунун салмагын ушинтип кээде билип журуш керек. Жигит буга сынып калбай, тескерисинче чыйралыш керек деп тушуном. Демек коомго мендей адамдар анча деле зарыл эмес, а кандай адамдар керек экени шайлоонун жыйынтыгы корсотту.


Мен шайлоонун эртеси, эки доско акча таркатууну тыйып, админ ресурсту толугу менен тыя албадынар деп пост жаздым эле. Бирок ал жазганымды кээ бир саясий кучтор оз кызыкчылыгына колдонуп, айгай салып баратканынан алып салдым. Анткени мен тонкоруш баш аламандыкка каршымын. Азыркы бийлик колунан келишинче таза откоргонго аракетин жасады, коруп турдук, кудай кубо

Мен дагы оппозиционер болуп кетмекмин, эгерде азыр бийликте турган жигиттерден башка эл учун жакшы «вариантты» коруп турсам. Жеке пикиримде андайлар жок. Бирок буларды антара чабабыз деп аткандар кыргызга пайдасынан зыяны коп болгонун баарыбыз билебиз
Андыктан мен озумдун амбицияларымды тизгиндеп, тескерисинче азыркы бийликти колдоп туруу жаран катары милдетим деп билем
Кумторду элге алперген адамдарды жамандап, Кумтордун акчаларын 30 жыл жеген адамдарды колдой албайм
Оппозиция деп коркпой Бутунду откоргондорду жамандап, убагында отпой калса да Бутундун ордуна отуп алгандарды колдой албайм
Кыргызды туз жолго салып бараткандарды жектеп, далай жылдар олкону анга турткондорду жандай албайм
Менин жеке амбицияларым, мамлекетибиздин кызыкчылыктарынын алдында тырмактай дагы салмагы жок деп билем

P. S. Мени бугун депутат болбой калды деп суйунгондорго, кейигендерге айтаарым. Кийинки жылдары (алдынкылар кызматка кетсе) кезегим келип калат, сарсанаа болбогула демекчимин. Бирок, ошондо мен ЖК нын босогосун аттаймынбы же жокпу, аны айталбайм. Анткени чыгармачылыкта депутаттан да коп жумуштарым бар. Дегеле «депутаттай» эле журом)) Аман болгула достор».

Бек Борбиев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп Бек шайлоочулардын 1.06 пайыз добушун алып, парламентке өтө турган тизмеге кирбей калды. Учурда БШК бюллетендерди кол менен саноону улантууда, жогорудагы жыйынтыктарга өзгөрүүлөр кириши мүмкүн.

Яндекс.Метрика