Спорт

Көк бөрү 2021. «Ынтымак» баш байгени алып кетти

Бүгүн, 21-мартта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында көк бөрү боюнча Нооруз-2021 турниринин финалдык оюндары өттү. Буга чейин Биринчи Лиганын финалдык оюну болуп анда Таластын «Кара-Буура» командасы Ысык-Көлдүн «Жети-Өгүзүн» 2:1 эсебинде утуп, жеңүүчү аталышкан.

Жогорку Лиганын финалында «Достук» — «Ынтымак» беттешип, жыйынтыгында 4:4 эсеп менен тең чыгышты. Кошумча 10 мүнөт убакыт берилип, анда бир дагы команда улак сала алган жок. Жеңүүчүнү табуу үчүн буллет (пенальти) болду. Анда 6-5 эсеби менен Таластын «Ынтымак» командасы жеңишке жетишти.

Яндекс.Метрика