Жаңылыктар

Коронавирус күч алууда. Бир күндө 98 учур катталды. Кайра карантин болоорун министрдин орун басары билдирди

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 18-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 98 кишиден жаңы аныкталды. Статистика боюнча бул 23-февралдан берки эң көп көрсөткүч. Андан бери илдет күн сайын 20-60 кишинин тегерегинде аныкталып жаткан. 16-мартта вирус жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү байкалды. Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.

«Эгерде оорулардын саны көбөйүп, калктын калган бөлүгүнө жугуу коркунучу жаралса, албетте чектөөөрдү киргизүүгө туура келет. Былтыр киргизилген биринчи чектөөлөр али жокко чыгарыла элек. Азырынча өзгөчө кырдаал жоюлган жок», — деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-марттагы маалымат жыйынында.

«Ар бир шаарда, аймакта эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл ала турган комиссиялар бар. Бирок өлкө боюнча катуу чектөөлөрдү күтүүгө болбойт. Ар бир шаар, аймак өз деңгээлинде чечет», — деди ал. Үсөнбаев маска режимин жана аралыкты сактоого үндөдү.

Яндекс.Метрика