Дүйнөдө

Коррупция менен күрөшкөн үчүн камалды

Москванын Симоновский соту Алексей Навальныйдын сыноо мөөнөтүн жокко чыгарып, жалпы режимдеги колонияга 3,5 жыл мөөнөткө камады.

Коронавирустук чектөөлөргө карабастан прессага уруксат берилген.

Сотко журналисттерден жана Навальныйдын жубайы Юлиядан тышкары Европанын жыйырмадай өлкөсүнөн дипломаттар келишти. Кремль жана Тышкы иштер министрлиги муну Орусиянын ички ишине кийлигишүү деп атады.

Эске салсак, Навальныйдын тарапкерлери Москва шаардык сотунун жанында чогулушкан, полиция имаратка жанаша жайгашкан бир нече көчөлөрдү жаап салган. 350дөн ашуун адам кармалган. Буга чейин анын тарапташтары Россиянын бардык аймактарында митингге чыгышкан. Миңдеген адамды полиция кармаган.

Навальный коррупция менен күрөшүү үчүн фонд ачып Путин жана башка Россиянын чиновниктердин коррупциялык иштеринин бетин ачып келген.

Яндекс.Метрика