Жаңылыктар

Кубанычбек Жумалиев 2 айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кармалганын бүгүн, 3-февралда күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жумалиев коррупцияга шектелип жатат. Аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармаган. Учурда ал Биринчи Май райондук сотунда, анын баш коргоочарасы көрүлүшү керек.

Германиянын жараны Б.Ф. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевге арызданып Финансы полициясына кайрылган. Жумалиев башка адамдар менен бирге анын ишенимине кирип, бир миллион долларлык жабдууларды алышып, 200 миң долларды гана төлөп беришкен.

Буга чейин анын уулдары кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 31-январындагы токтому менен шектүү Э.Б. Жумалиев менен С.М. Мырзабековго карата 2021-жылдын 29-мартына чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.

Биринчи май райондук соттун чечими менен Кубанычбек Жумалиев 2 айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Яндекс.Метрика