Видео Дүйнөдө

Кыргыз калпагын тепкен орус блогери кечирим сурады

Буга чейин социалдык тармактарда орусиялык блогер жана футболчу Даниил Крапивниковдун кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты тепкен видеосу тараган. Анын бул видеосу кызуу талкууга алынып, айрым интернет колдонуучулар блогерден кечирим сурашын талап кылышкан.

Алгач Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык баракчасына бул тууралуу жазып блогержден кечирим суроосун талап кылган. Буга блогер жооп кылып, кечирим сурады. Блогер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анда манекенге калпакты Кыргыз өлкөсүнүн жарандары кийгизип койгонун айтты.

«Мен калпак улуттук баш кийим экенин билген эмесмин. Биздин кеңсебизде Кыргыз жарандары иштейт. Ошол адамдар манекенге калпакты кийгизип коюшуптур. Мен аны жөн эле кооздук үчүн го деп ойлогом. Дагы бир жолу кечирим сурайм», — деди Крапивников. Мындан тышкары ал Москвада Кыргыз жарандары көп экенин, эки-үч күн үйүнөн чыкпай тургандыгын айтты.

Видео:

Яндекс.Метрика