Жаңылыктар

Кыргызстанда COVID-19 азайып баратат

Өлкөдө 2020-жылдын декабрында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны ноябрга салыштырмалуу 2,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча 2020-жылдын декабрында жалпы республика боюнча коронавирус инфекция (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 14 миңден ашык учур катталган.

Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу катталган коронавирус инфекцияларынын санынын төмөндөгөнү республиканын Чүй облусунан башка, бардык региондорунда белгиленди. Ал эми Чүй облусунда катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн (56 пайызын) түзүү менен алардын саны дээрлик 3 эсеге көбөйдү.

Өткөн жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 2,7 пайызга төмөндөдү. Ал эми октябрь айына салыштырмалуу, тескерисинче, 5,0 пайызга көбөйдү.

Яндекс.Метрика